Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ бир катар жетекчилери жана кызматкерлери төмөн көрсөткүчтөрү үчүн жазаланды

Улан Султанов баңгизат менен күрөшкөндөр менен ыкчам кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2022-жылдын 1-чейрегинин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болут өттү.
Кызматкерлердин кесипкөйлүгү менен өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 2 тонна 193 кг 460 гр баңгизат каражаттар, психотпроптук заттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинде:
-    апийим 4 кг 324 гр;
-    героин 5 кг 619 гр;
-    каннабистин чайыры (гашиш) 30 кг 366 гр;
-    марихуана 47 кг 304 гр;
-    кара куурай 3 кг 749 гр;
-    каннабистин саманы 458 гр;
-    психотроптук заттар жана башкалар 8 кг 034 гр;
-    прекурсорлор 2 тонна 094 кг 053 гр.
        Конфискацияланган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун орточо чекене баасы боюнча эсептик баасы 93 млн. 944 миң. 282 сом.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыштардын бирдиктүү реестрине бардыгы болуп  385 баңгизаттарга байланыштуу кылмыш катталган.
БМЖКККнын начальниги Уланбек Султанов Ооганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын оор түрлөрүн алуу, маалыматтык-телекоммуникациялык технолгияларды пайдалануу менен, баңгизат каражаттарды сатууга жана Интернет тармактарыда баңгизаттарга үгүттөөгө карыш күрөшүүнү күчөтүү боюнча милдеттер коюлду.
Кеңешменин жүрүшүндө ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүндөгү төмөн көрсөткүчтөргө ээ болгон башкармалыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Мындан сырткары, өзүнчө башкармалыктардын  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү ишмердүүлүктөрүндөгү кечмиликтер белгиленип, бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазага тартылышкан.    

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх