Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү Ак-Суу реабилитациялык бөлүмүнүн иши менен таанышты (фото)

Анда нерв системасынын оорулары, негизинен церебралдык шал оорусу менен жабыркагандар реабилитациядан өтүшөт

Бир күн мурун, 24-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын нерв системасынын оорулары менен, негизинен церебралдык шал оорусу менен жабыркаган бейтаптар реабилитациядан өтүп жаткан Ак-Суу реабилитациялык бөлүмүнө барды.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Мирбек Сагынбаев министрди бөлүмдүн иши менен тааныштырды.

«Бөлүм 100 орунга ылайыкталган, бүгүнкү күндө бул жерде 91 бала реабилитациядан өтүп жатат. Бизге республиканын бардык булуң-бурчунан дарылануу үчүн келишет, жыл бою жана ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн сайтыбызда электрондук кезек орнотулган. Балдар бул жерде 10 күндөн 15 күнгө чейин болушат, массаж, дарылоо ванналары, физиотерапия, ат минүү (иппотерапия) да машыгат. Балдарга бардык медициналык кызматтар бекер көрсөтүлөт», - деди Сагынбаев.

Саламаттыкты сактоо министри ведомствонун кызматкерлерине жасаган иши жана ыкчамдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.



Ак-Суу бөлүмүндө республиканын бардык аймактарынан келген нерв системасынын оор оорулары, негизинен церебралдык шал оорусу жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүлөт. Балдар бул жакка көбүнчө ата-энелери менен жылына бир же эки жолу келишет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх