Идрис Кадыркулов: Кээ бир кыргызстандыктар Орозодон кийин Украинага кайтууну каалап жатышат
Кыргызстандын Украинадагы элчиси мекендештерге азырынча согуштук кагылышуу болгон аймакка барбоого кеңеш берди
Айрым кыргызстандыктар Рамазан айы аяктап, Кыргызстандан Украинага кайтууну каалап жатышат. Бул тууралуу КР элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбук баракчасына билдирди.
«Элчилик өз ишин улантууда. Өткөн аптада дагы жети кыргызстандык эвакуацияланган. Акыркы күндөрү көптөгөн жарандар ыйык орозо аяктагандан кийин Украинага кайтууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул жерде аскердик кагылышуу дагы эле уланууда, сиреналар токтобойт, коменданттык саат токтобойт. Азырынча Украинага келбөөнү сунуштайм», — деп жазган ал.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз