Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада эмне суракка алынганын айтып берди
УКМКнын башчысы 2010-жылдагы июнь окуясына Убактылуу өкмөт күнөөлүү деп эсептейт
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурадагы сурактан кийин бошотулду. Атайын кызматтын башчысы сүйлөшүү 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу болгонун билдирди.
«Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат, мен билгендеримди айттым», - деди ал журналисттерге. - Депутаттык комиссиянын жыйынтыгында эң негизги күнөөсү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө байланыштуу экени так аныкталган. Алар жергиликтүү сепаратисттерди колдоо менен түштүктө өз бийлигин жана таасирин сактап калууга аракет кылышкан. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалангысы келген. Натыйжада улуттар аралык кагылышуу болгон. Жүздөгөн адамдар өлдү, миңдеген адамдар жарадар болду».
УКМКнын башчысы кылмыш ишине бийликтин аракетсиздиги боюнча берене кошуу керектигин кошумчалады.
«Кадыржан Батыров кантип качып кеткенин такташыбыз керек? Аны ким коё берди? Эми эң негизгиси, элге мындай көрүнүш кайталанбайт деп үмүттөндүрүү», - деп жыйынтыктады ал.
Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты эртең менен Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылганын жазган.
Былтыр жазында президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке июнь окуясы боюнча бардык материалдарды изилдеп, алар боюнча керектүү чечимдерди кабыл алууну тапшырган.
Сүрөт www