Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асел Чынбаева: Балдарды тарбиялоо маселеси ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылат

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу жана Акыйкатчы бейөкмөт уюмдар менен жолугушту

Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Атыр Абдрахматова балдардын маселелери менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушту.
Асел Чынбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө жалпы балдар, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар менен күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу зарыл.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо көйгөйлөрү ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын, анткени ар бир бала өзү өскөн чөйрөдөн көз каранды экенин баса белгиледи.
“Ар кандай курактагы балдар ата-энесинин сезимдерин кабыл алышат, эгер чоңдордун мамилесинде гармония болбосо, бул тигил же бул балага таасир этет, кээде өзүн өзү өлтүрүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келет”, - деп белгиледи Асел Чынбаева.
Ал ошондой эле бул жолугушуунун маанилүүлүгүн жана балдардын кызыкчылыгы үчүн мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгиледи.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх