Балбак Түлөбаев: Марлен Маматалиев мени туура эмес түшүнүп калды окшойт, чаташуу болду
Депутат парламентте министрлер кабинетинин отчетун угуудан баш тартууну сунуштабаганын ишендирди
Бүгүн ЖМКларда депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин отчетун Жогорку Кеңеште угуудан баш тартууну сунуштаганы тууралуу маалымат чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин регламентинин долбоорлору талкууланып жаткан учурда дагы бир депутат - Марлен Маматалиевге шилтеме берүү менен билдирди.
Ал ортодо Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин отчетун угуудан баш тартууну сунуштады деген маалыматты четке какты.
- Мен антип айткан эмесмин, - дейт Түлөбаев. - Марлен Маматалиев мени туура эмес түшүнүп калды окшойт, чаташуу пайда болду.
Өз кезегинде Марлен Маматалиев комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.
Элдос Казыбеков