Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Садыр Жапаровго: Октябрь окуясына катышкандардын бири да бийликти басып алууга чакырган эмес

Замир Жоошев соттук-саясий экспертиза экс-президентти бийликти кулатууга чакырыктар болбогонун тастыктаганын билдирди

Октябрь окуясы боюнча айыпталгандардын бири да бийликти күч менен басып алууга чакырган эмес. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, билдирди.

Анын айтымында, бул иштин материалдарында соттук-саясий экспертизанын корутундусу бар, ага ылайык, Атамбаев 2020-жылдын октябрында бийликти кулатууга чакырган эмес.

«Мисалы, кылмыш ишинин материалдарында соттук саясат таануу экспертизасынын корутундусу бар. Бул документтин корутундусунда Алмазбек Атамбаев 9-октябрда эч кимди массалык баш аламандыкка же бийликти күч менен басып алууга чакырбаганы айтылат. Эксперттердин ушундай корутундусу Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөздөрү боюнча иште да бар. Белгилей кетсек, экспертизаларды тергөөчүлөр өздөрү дайындашкан», — деп жазган Жоошев Фейсбук баракчасына.

Эске салсак, бир нече күн мурун президент Садыр Жапаров мамлекеттик “Кабар” басылмасына маек куруп, анда эмне үчүн 2020-жылдагы октябрь окуясы боюнча козголгон иштин алкагында Өмүрбек Бабанов менен Руслан Казакбаев жоопко тартылбай жатканын сураган. 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоодо болгонуна карабастан.

«Азырынча бул маселе боюнча тергөө кандай жүргүзүлгөнүн, кимге айып тагылганын, тергөөдө кандай маалыматтар бар экенин билбейм. Балким Бабанов, Казакбаев башкаларга окшоп массалык провокацияга чакырбады беле? Соттун чечимин күтөлү. Эгерде алар адилетсиз чечим кабыл алышса, анда бул маселени изилдеп көрөлү», - деп баса белгиледи Жапаров.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх