Владимир Соловьевдон Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү суранышты
Саясат таануучу Денис Бердаков белгилүү телеалпаруучунун билдирүүлөрү КР менен РФнын мамилесине таасир этпейт деп эсептейт
Белгилүү орусиялык журналист, телеалпаруучу Владимир Соловьев жакында федералдык каналдын берүүсүндө Кыргызстан Орусия менен мамилени баалабай турганын билдирди. Анда Украинадагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын бейтараптыгы тууралуу болгон. Соловьев ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын санын эске салды.
Саясий эксперт Аида Алымбаева Vesti.kg сайтына берген маегинде мындай билдирүүлөр эгемендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишүү экенин белгиледи.
«Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн оптималдуу деп эсептеген чечимди тандоого укуктуу», - деди Алымбаева. «Ал эми эгемендүү мамлекеттин иш-аракетине журналисттин берген баасы – анын ички иштерине кийлигишүү. Ал эми биздин эмгек мигранттарыбыз мыйзам чегинде, Орусиянын мыйзамдарынын алкагында иштешет. Алар Россия Федерациясынын бюджетине салык төлөшөт, ал эми иш берүүчүлөр биздин адистерге, ошондой эле жумушчуларга муктаж.
Өз кезегинде эксперт-саясат таануучу Денис Бердаков Соловьевдин билдирүүлөрү Кыргызстандын Орусия менен мамилесине таасир этпейт деп эсептейт.
«Журналисттин билдирүүлөрү Кыргызстандан Орусияга активдүү колдоо көрсөтүүнү каалаган элиталык топтордун биринин позициясын чагылдырышы мүмкүн», - деп эсептейт Бердаков. - Россия Федерациясынын бийлигинде ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөсүнө таасир эткен 6-7 элиталык топ бар. Бул Орусиянын жогорку бийлигинин позициясы эмес, кызматташуу уланууда. Кыргызстан эгемендүү мамлекет жана анын экономикалык жана саясий коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бейтараптуулукту тандоого укуктуу.
Ислам Жолдошов
сүрөт www