Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтогул Какчекеев: Менин кыялым - шылуундар Кыргызстандан чыгарып кеткен акчанын баарын кайра кайтарып алышса экен

Эксперт америкалык жана кыргыз укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган каражаттарды кайтаруу жаатында кызматташтыгын оң баалайт

Коргоо министринин мурдагы жардамчысы, аскер эксперти, саясат таануучу Токтогул Какчекеев мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорунда кыргыз-америкалык укук коргоо органдарынын кызматташуусу зарыл деп эсептейт.

«Мисалы, 90-жылдары биздин кызматкерлер, тескерисинче, Америка Кошмо Штаттарына чакырылып, тажрыйбалары менен бөлүшүп, мигранттар арасындагы кылмыштуулуктун бетин ачууга жардам беришчү», — деди Какчекеев Vesti.kg сайтына берген маегинде. – Азыр тескерисинче, Кыргызстандан уурдалган жана мыйзамсыз чыгарылган акчаларды кайтарууну америкалыктардан үйрөнүп жатабыз. Менин кыялым – шылуундар, уурулар уурдап, өлкөдөн чыгарып кеткен акчанын баарын кайра кайтарып алсак.

Тактап айтканда, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы мыйзамсыз чыгарылган каражаттарды аныктоо, конфискациялоо жана кайтаруу боюнча долбоорду ишке ашырган. Долбоорго кыргыз тараптан Башкы прокуратура, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы, Ички иштер министрлиги, америкалык тараптан – АКШнын Мамлекеттик департаментинин Эл аралык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюросу (INL) катышууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх