Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ахматбек Келдибеков: Керек болсо мен дагы суракка келем

Парламенттин экс-спикери сурак бир нече саатка созулганын айтты

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков Башкы прокуратурага суракка чакырылышы боюнча Vesti.kg сайтынын редакциясына комментарий берди.

Анын айтымында, көзөмөл органынын кызматкерлеринин суроолору 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча ишке байланыштуу болгон.

-Жакында эле сурактан чыгып кеттим, - деп түшүндүрдү Келдибеков. - Июнь окуясы боюнча суроолор берилди. Суракка катышуум дагы зарыл болсо, албетте, мен дагы келем. Бирок бир эле жолугушуу жөнүндө болду окшойт.

Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, андан кийин президент Садыр Жапаровду суракка чакырган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх