Ахматбек Келдибеков президенттик аппараттын жаңы имаратынын курулушуна комментарий берди
"Бул нормалдуу. Биз өнүгүүбүз керек"
Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков Vesti.kg сайтына президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу пландалып жатканы боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, Кыргызстандын жетекчилигинин пландары «нормалдуу», анткени «биз өнүгүүбүз керек».
- Бул кадыресе көрүнүш деп ойлойм, - деди Келдибеков. - Биз өнүгүүбүз керек. Менин билишимче, мамлекет башчынын эле администрациясы эмес, бүтүндөй административдик корпус болот. Борбордо азыртадан эле чоң тыгындар бар, бул учурда баары компакттуу жана бир жерде болот. Бул ыңгайлуу.
Эске салсак, Садыр Жапаров 15-апрелде президенттик аппараттын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Буга чейин ал жерде «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан.
Мамлекет башчысы жаңы объектинин курулушуна бир тыйын да бюджеттик каражат сарпталбай турганын баса белгиледи. Анын ордуна президенттик администрациянын балансынан 16 гектар жер берилет.
Мамлекет башчынын администрациясынын жаңы имаратынын курулушун ата мекендик TS Group компаниясы жүргүзөт.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www