Дин боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси: Алымкадыр Бейшеналиевдин кыздар мектебин укук коргоо кызматкерлери текшериши керек
Орозбек Молдалиев диний билим берүү боюнча мыйзамды кабыл алууну талап кылууда
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан бир нече жыл мурун өз үйүнүн алдында кыздар үчүн жеке мектеп ачканын жергиликтүү маалымат каражаттары бир күн мурун жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, 400гө жакын кызга исламдын негиздери жана туура намаз окутулат. Аткаминердин айтымында, анын Билим берүү министрлиги тарабынан берилген лицензиясы бар. Бирок, учурда Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеп тургандыктан, уюштуруучу эмес.
Аталган окуу жайда ислам дининин негиздери гана эмес, типтүү мектеп программасы да окутулары такталган.
Ал арада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев Vesti.kg сайтына укук коргоо кызматкерлери Бейшеналиевдин мектебин текшерүүсү керектигин билдирди.
- Бул окуу жайдын негиздөөчүлөрүнүн мыйзамдардын аткарылышын Ички иштер министрлиги же прокуратура көзөмөлгө алышы керек, деп эсептейт Молдалиев. - Диний дисциплинаны үйрөтүү боюнча окуу жайдын ыйгарым укуктарын текшерүү керек. Биз муну аныкташыбыз керек.
Мындан тышкары, ал бийлик диний билим берүү боюнча мыйзам кабыл алышы керектигин кошумчалады.
«Бизде светтик мамлекет болгонуна карабай, билим берүү министрлиги светтик окуу жайларга диний сабактарды окутууга уруксат берет», - деп белгиледи эксперт. - Буга байланыштуу биз диний билим берүү боюнча мыйзамды даярдадык, бирок ал кабыл алынган жок. Коомчулуктун тынчсыздануусу түшүнүктүү. Светтик университеттерде теология факультеттери болбошу керек деп ойлойм. Бейшеналиевдин мектебинде кимдер сабак берип жатканын көрүшүбүз керек.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www