­
Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыйын өткөрдү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле Бишкек шаарындагы түтүн көйгөйүн чечүү жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун актуалдуу маселелери, экологиялык коопсуздук жана көзөмөлдөө, жаратылыш ресурстарын иштетүү жана коргоо маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев жарыяланган Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында экология жана климат жаатындагы чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  ошондой эле борбордогу ыш көйгөйүн чечүү жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча чараларды, таштандыларды башкаруу боюнча программаларды ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча тармактык программаларды иштеп чыгуу, атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу, Жашыл климат фондуна арыз берүүгө конкреттүү долбоорлорду даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх