Дмитрий Бивол The Guardian гезитине берген маегинде Кыргызстанды мекеним деп атаган
Лас-Вегастагы беттештин алдында мушкер Кыргызстандын желегинин фонунда промовидео менен чыккан
Орусиялык мушкер Дмитрий Бивол The Guardian гезитине берген маегинде Кыргызстанды мекеним деп атады. Лас-Вегастагы беттештин алдында спортчу дүйнө чемпиону макамын тастыктап, Кыргызстандын желегинин фонунда промо-ролик менен чыккан.
«Бул улуу өлкө, бирок бай эмес, сонун адамдары бар. Бул менин мекеним. Мен Кыргызстанды сүйөм, анын маданияты орустардан айырмаланып турса да, жакшы көрөм”, - дейт Дмитрий.
Эске салсак, 8-майда Лас-Вегаста бокс боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш болуп, теги кыргызстандык россиялык мушкер Дмитрий Бивол дүйнөнүн мыкты мушкери Сауль Альварести («Канело») утуп, WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы дүйнө чемпиону Супер титулун коргогон.
Сүрөт www