Садыр Жапаров Кумтөрдүн өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды
Эки айга жакын убакыттан кийин элге отчет беребиз деп жатышат
Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн текшерүүнү Эсеп палатасына тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбук баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, кенге тышкы башкаруу киргизилгенине бир жыл болду.
«Мен Эсеп палатасына Кумтөрдөгү жылдык каржылык жана башка иштерди кароону тапшырдым. 2021-жылдын 17-майында Кумтөр кенинде тышкы башкаруу киргизилген. Арадан туура бир жыл өттү. Текшерүү аяктагандан кийин (эки айга жакын) элге отчет берилет», - деп ишендирди мамлекет башчысы.
Эске салсак, 2021-жылдын 17-майында Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөрдө тышкы башкарууну киргизүүгө макулдук беришкен. Тышкы менеджер болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды. Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн мамлекеттин пайдасына 3 миллиард доллардан ашык чыгымды өндүрүү чечимин чыгарды.
Сүрөт www