Азия кубогу - 2023 тандоо оюндары: кыргыз футболчулары ким менен жана качан ойношот
2023-жылы Азия кубогуна тандоо оюндары алты өлкөдө өтөт
8, 11 жана 14-июнда Бишкекте тандоо турниринин тайпалык раундунун оюндары өтөт.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо чоң футбол өтөт. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапур курамалары менен беттешет.
F тайпасында Азия Кубогу - 2023 тандоо турунун графиги:
8-июнь:
Кыргызстан - Сингапур;
Тажикстан - Мьянма.
11-июнь:
Сингапур – Тажикстан;
Мьянма - Кыргызстан.
14-июнь:
Кыргызстан – Тажикстан;
Мьянма - Сингапур.
Эске салсак, Азия кубогу - 2023 финалына чыгуу укугу үчүн 24 өлкөнүн курама командалары ат салышат: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Мьянма, Гонконг, Йемен, Афганистан, Иордания, Бахрейн, Кувейт, Түркмөнстан, Малайзия, Мальдив аралдары. , Сингапур, Непал, Монголия, Бангладеш, Шри-Ланка, Индонезия, Камбоджа, Палестина, Индия, Таиланд жана Филиппин. Алар төрт командадан турган алты тайпада ойношот. 2023-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 11 команда чыгат – алты тайпанын жеңүүчүсү жана эң жакшы жыйынтык менен экинчи орунду алган беш команда.
Турнирге буга чейин Сирия, Австралия, Иран, Сауд Арабия, Япония, Бириккен Араб Эмираттары, Корея Республикасы, Оман, Ирак, Вьетнам, Кытай жана Ливандын командалары жолдомо алышкан.
16-июнда Кытайда Азия кубогу башталат. Турнирдин беттештерин 10 шаар: Пекин, Тяньцзин, Шанхай, Чунцин, Чэнду, Сиань, Далянь, Циндао, Сямень жана Сучжоу өткөрөт.
Сүрөт www