Олег Попиков кайрадан Бишкектин вице-мэри болду
Жамалбек Ырсалиев “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды
Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, буга чейин Турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалган. Өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Вице-мэрлик кызматка Олег Попиков дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Эске салсак, Олег Попиков буга чейин 2013-2014-жылдары вице-мэрлик кызматты аркалаган.
Сүрөт www