Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек адамдык өнүгүү форуму министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу астында өтөт

Иш-чаранын алкагында социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча жыйын болот

Бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу астында Бишкек адамдык өнүгүү форуму өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Форум өлкө лидерлери жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр үчүн адамдык капиталды өнүктүрүүгө трансформациялык инвестицияларга артыкчылык берүү үчүн саясий платформа түзүүгө багытталган.

Иш-чарага министрлер кабинетинин жетекчилиги, Дүйнөлүк банктын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттер катышат.

Форумдун алкагында социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү боюнча сессиялар болот.

Иш-чара саат 09.00дө башталат. Форумдун өтүүчү жери - «Хайятт» мейманканасы.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх