Бишкектеги кафелердин биринде Индиянын жарандарын сабаган балдар изоляцияга киргизилди (видео)
Белгилей кетсек, бейбаштыкка шектелген жаштар спецназдын коштоосунда алынып келинген
Бишкектеги кафелердин биринде Индиянын жарандарын сабаган деп шектелгендерди милиция кармады.
«Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте кылмышка шектүү 2000-жылы туулган Н.С. жана 2000-жылы туулган Б.К. борбордун аймагынан кармалган. Кылмышка шектүүлөр Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин социалдык тармактарда Киев жана Үмөталиева көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан кафеде белгисиз жигиттер Индиянын жарандарына денесине залал келтирип жаткан видео жарыяланган.
Бул факты Ленин районунун ИИБнин КЖБРине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Урматтуу жарандар, милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачууга жана кылмышка шектүүлөрдүн качып кетүүсүнө тоскоолдуктарды жаратпоо үчүн көзөмөл камераларынан же кылмыш же укук бузуу болгон жерде тартылган сүрөттөрдү жана видеолорду алдын ала таркатпоого чакырат», - деп айтылат маалыматта. Ички иштер кызматкерлери жарандарга кайрылышты.
фото, видео ИИМ