Кубатбек Боронов Дача-Суудагы авиакырсык боюнча комиссияга кирди
Комиссия мүчөлөрүнүн бири Адил Турдукулов Садыр Жапаровдун журналисттик иликтөөчүлөр менен кызматташуу тууралуу билдирүүсүнө оң баа берди
Бир күн мурун президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына 2017-жылы Дача-Суу айылындагы авиакырсыкты иликтөө боюнча коомдук комиссиянын курамына кирген иликтөөчү журналисттердин жана коомдук ишмерлердин аты-жөнүн жарыялаган.
Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен: Али Токтакунов, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова, Нурбек Токтакунов, Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар. Кошумчалай кетсек, тизмеде тергөөдө жаткан экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, белгилүү журналист, Райымбек Матраимовдун жактоочусу Элнура Алканова да бар.
Өз кезегинде Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Vesti.kg сайты менен болгон маегинде комиссиянын бардык мүчөлөрү, анын ичинде Кубатбек Боронов да өз каалоосу менен киргендигин билдирди.
Комиссия мүчөлөрүнүн бири, коомдук ишмер Адил Турдукулов Садыр Жапаровдун аракетине оң баа берди. Ал трагедияны иликтөөгө жарандык коом жардам бериши керек деп эсептейт.
«Садыр Жапаров журналист-иликтөөчүлөргө кайрылды, ошондуктан мен комиссияга кирүүнү чечтим», - деп түшүндүрдү Турдукулов Vesti.kg сайтына. - Бийлик кызматташуу тууралуу мындай билдирүүнү көп колдонбойт. Адатта, баары тескерисинче болот – «эл душманы», «Батыштын агенттери» деген сыяктуу жарлык. Дискурстун өзгөрүшүн бейөкмөт уюмдар жана журналисттер кубаттоого тийиш. Президент Дача-Сууга байланыштуу тема көптөгөн суроолорду жаратып жатканын туура белгиледи. Комиссиянын курамында Нурбек Токтакунов менен Мавлян Аскарбеков бар, аларга басым жасоого болбойт. Басымдуу көпчүлүктө өз позициясы бар адамдар бар, бул мага үмүт берет.
Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортунан алыс эмес Дача-Суу айылында таңга маал жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 20дан ашуун адамдын жансыз денеси табылган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www