Эмил Жамгырчиев: Камсыздандыруу компаниялары бюджеттик каражаттарды үнөмдөп, курулуш иштеринин сапатын жогорулатат
Эл өкүлү социалдык объектилердин курулушун мамлекеттик бюджеттен каржылоодо камсыздандыруу колдонулбай жатканына нааразы
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору каралууда.
Депутат Эмил Жамгырчиев бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында социалдык объектилерди камсыздандырууну сунуштады.
«Жыл сайын социалдык объектилерди, көпүрөлөрдү, жолдорду жана башкаларды курууга, жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине чоң каражаттар бөлүнөт», - деди ал. Эмне үчүн камсыздандырууну кошпойсуз? Камсыздандыруучулар иштин сапатын контролдойт, кабыл алуу актына катышмак. Камсыздандыруу уюмдары мамлекеттик бюджетти бир кыйла унөмдөөгө жана подряддык уюмдар аткарган жумуштардын сапатын жогорулатууга жардам берер эле. Социалдык объектилерди камсыздандыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөндүңүзбү?
Ислам Жолдошов
Сүрөт www