Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы ЖК депутаттарын коңшу мамлекеттерди сындап жатканда этият болууну суранды
Султанбаев эл аралык аренада парламентарийлердин ар бир сөзү эске алынарын белгиледи
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын коңшу мамлекеттерди сынга алууда этият болууга чакырды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
«Коңшу мамлекеттерди сынга алууда жана эл аралык мамилелерде этият болушуңуздарды суранабыз. Депутат дагы саясий адам. Сиздин ар бир айткан сөзүңүз эл аралык аренада эске алынат, балким андан кийин реакция болот. Жаратканга даңк, биз бүгүн бардык мамлекеттер менен, анын ичинде коңшуларыбыз менен жакшы мамиледебиз. Албетте, кээ бир учурлар бар, бирок жалпысынан баары жакшы. Бардык маселелерди эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен сүйлөшүү жолу менен чечебиз», - деди Султанбаев.
Сүрөт www