Кыргызстан менен ЕРӨБ биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө ниеттенүүдө
Тараптар электрондук соода, темир жол инфраструктурасы, ирригация, кичи жана орто бизнести колдоо жаатындагы долбоорлорду макулдашты
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйыны өтүп жаткан жерде ЕРӨБ президенти Одил Рено-Бассо, ЕРӨБ вице-президенти Ален Пилу жана ЕРӨБ регионалдык бир катар жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Электрондук коммерция, темир жол инфраструктурасы, ирригация, кичи жана орто бизнести колдоо жана жашыл трансформация чөйрөлөрүндө биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Экономика министрлигинин басма сөз кызматы