Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын артыкчылыгы: калктын үчтөн экисинен көбүн 30 жашка чейинкилер түзөт

Министрлер кабинетинин башчысы өлкө өз элине инвестиция салат деп билдирди

Бишкек адамдык өнүгүү форумунда Акылбек Жапаров жашыл экономиканын жигердүү приоритети менен катар адамдык капиталга инвестиция мамлекеттин өнүгүү саясатынын аныктоочу багыты экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, республиканын калкынын үчтөн экисинен ашыгын 30 жашка чейинкилер түзөт, бул чоң артыкчылык. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектепке чейинки билим берүүгө жумшалган кошумча 1 доллар гана улуттук экономикага 6 доллардан 17 долларга чейин киреше алып келет.

«Биз жаш өлкө катары келечегибизге инвестиция салышыбыз керек. Мамлекет өз элине канчалык көп инвестиция салса, анын кайтарымы ошончолук көп болот», - деди Жапаров.

Форум министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу тарабынан уюштурулууда.​

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх