Садыр Жапаров ЖККУнун Москвадагы саммитине катышат
Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсү кабыл алынышы күтүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров төрагалык кылуучу тарап — Армения Республикасынын чакыруусу менен 16-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат.
Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз