Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент КТРКны УТРКга айландыруу боюнча мыйзамга кол койду

Документ телерадио уюмунун статусун, өлкөнүн маалымат мейкиндигиндеги ролун жана ордун аныктайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган.

Бул мыйзам телерадиоберүү уюмунун макамын, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашырууда анын ролун жана ордун аныктайт.
Ошону менен бирге, документ редакциялык саясатты өз алдынча аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жогорулатууга, Кыргыз

Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо зарылчылыгы жөнүндө айткан өлкө элине кайрылуусун ишке ашырууга багытталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх