Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында №260 кичи автобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Мындай чечимди ведомстволор аралык комиссия кабыл алды

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өтүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Бакай-Ата – Нооруз – Нургазиев көчөлөрү менен жана андан ары өзүнүн кыймылынын схемасы боюнча каттаган №260 маршруттук кичи автобустун кыймылынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Эске салсак, бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.


Түзүмгө ИИМдин Кайгуул-күзөт кызматынын башкармалыгынын, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын жана облустук акимчиликтердин өкүлдөрү кирди.

Коомдук транспорт үчүн WhatsApp 0 (502) 205-202 байланышсаңыз болот.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх