Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчисин пара менен кармады (фото)

Буга чейин министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарынын кеңешчиси Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси болуп турганда чет элдик жарандан 70 миң доллар алган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери министрлер кабинетинин төрагасынын  биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчисин  кармашты.

УКМК Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алды деп шектелди.

Буга чейин 2016-жылы Ы.Т.К.  чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берем деп 70 миң доллар алган. Ошол эле учурда ишкер С.С. уруксат кагаздары көрсөтүлбөй, акчасы кайтарылган эмес.


Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси («Пара алуу») менен КЖБРге катталды.

2022-жылдын 14-майында УКМК каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда ишкерден Ы.Т.К пара алып жатканда кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Маалым болгондой, кармалган «Ы.Т.К. Учурда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси.

Учурда УКМК бул кылмышты жасоого катышкандардын бардыгын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

УКМК басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх