Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эл өкүлү көмүр казууга лицензияны мамлекеттин үлүшү бар ишканаларга гана берүүнү сунуштоодо

Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Депутат Жеңишбек Токторбаев көмүр казууга лицензияны 40 пайыз мамлекеттик үлүшү бар компанияларга гана берүүнү сунуштоодо. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.

Документтин тушундурмө катында элдин тандоосу республиканын көмур өнөр жайы отун-энергетика комплексинин алдынкы тармактарынын бири болуп санала тургандыгы белгиленген. Расмий маалыматтар боюнча, 2021-жылы республикада 3 миллион тоннага жакын көмүр казылган.

«Белгилей кетүүчү нерсе, көмүр казуучу ишканалардын 99 пайызы жеке менчик болуп саналат, алардын арасында көмүр казган жападан жалгыз мамлекеттик ишкана «Кыргызкөмүр» ишканасы болуп саналат», - деп айтылат негиздемеде. — Жогоруда айтылган жеке ишканалар мамлекеттик бюджетке салыкты гана чегеришет, алар көмүр казуудан түшкөн кирешенин аз гана бөлүгүн түзөт. Белгилей кетчү нерсе, пайдалуу кендер айрым адамдарга таандык эмес, өлкөнүн жана элдин байлыгы болуп саналат».

Парламентарий ошондой эле, эгерде мыйзам мамлекеттин ишканаларга үлүштүк катышуусу менен кабыл алынса, Кыргыз Республикасы жер казынасын пайдалануучуга өнөктөш жана гарант катары чыгаарын белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх