Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Шып кулагандан кийин мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды

Балдар бир аз коркуп калышкан, абалы канааттандырарлык

Чаткал районундагы мектепте шыбы урап, мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, такталган маалыматтар боюнча Ала-Буки районунун жалпы медициналык практика борборуна 16 адам жеткирилген.

«Экспертизадан кийин мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Диагнозу: "бир аз коркуу, стресстик абал". Баарынын абалы канааттандырарлык. Алар ооруканада калган", — деп айтылат билдирүүдө

Эске салсак, бир күн мурун Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы орто мектепте шыбы урап кеткен. Мугалим жана окуучулар ооруканага жеткирилди

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх