Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын премьер-министри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

Кыргызстандын Президенти боордош Венгрия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын Премьер-министри  кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

 «Сизди Венгриянын Премьер-министри болуп кайра шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жооптуу мамлекеттик кызматта Сизге зор ийгиликтерди каалайм. Быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргыз Республикасы Венгрия менен мамлекеттер аралык мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк нугунда чыңдоого умтулат деп ырастайм. Биз бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», - деп айтылат куттуктоо катында.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанга  чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми боордош Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www



 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх