Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчы Кыргызстан Казакстан менен өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди

Бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду.

Садыр Жапаров Касым-Жоомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх