Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК ар бир жүк ташуучудан 50 доллардан чогулткан «Транс Эксперттин» жетекчилерин кармады

Айдоочуларга шарт түзөбүз деген шылтоо менен чиновниктер 150 миң доллардан ашык акча чогултушкан

УКМК тарабынан «Транс Эксперт» ЖЧКсынын жетекчилери И.Б.К. жана М.Э.С. кармалды.

2021-жылдын апрель айынан октябрь айына чейин Кытайдан жүк ташыган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан Торугарт көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу чиновниктер мыйзамсыз акча чогултуп келгени аныкталган.

Ошол эле учурда бул жеке компаниялардын жетекчилери ар бир айдоочудан рейс үчүн 50 доллардан алышкан. Болбосо, жүк ташуучу жумушсуз, тиешелүүлүгүнө жараша, жүксүз калуу коркунучу бар. Ошентип бул адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң доллардан ашык акча чогултушкан.

Учурдагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх