Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бишкекте 27 косметологиялык клиника лицензиясы жок иштейт

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги бул мекемелерде ВИЧ/СПИД, В жана С гепатиттери менен ооруган бейтаптардан ооруу жуктуруп алуу коркунучу бар экенин белгилейт

11-апрелден 30-апрелге чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкек шаарындагы косметологиялык ишмердүүлүк менен алектенген лицензиясы бар жана лицензиясы жок, мыйзамсыз ачылган борборлорду текшерүүгө алды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиясы жок ишмердүүлүк менен алектенген косметологиялык мекемелер жана кеңселер табылган.

Бардыгы болуп 63 косметологиялык мекеме текшерилди. 36сына гана лицензия берилген. Алардын ичинен сегизи иштебейт, экөө көчүп келгенден кийин жаңы лицензия албай, ансыз иштеген, дагы экөө тери жана косметологиялык кызматтарды камтыбаган лицензия менен, 24ү лицензия менен иштейт.

63 мекеменин 27си Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыланууну жана уруксаат кагаздары жок медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүнү жүргүзүшөт. Аталган мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык калдыктар чыгарылбай, жалпы таштанды контейнерине ыргытылат. Бул мекемелерде ВИЧ/СПИД, В жана С гепатиттери, кургак учук ж.б. менен ооругандардан ооруу жуктуруп алуу коркунучу бар.Көптөгөн мекемелер уруксаты жок косметологдорду даярдашат.

17 эмкана боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп, 10 эмканага санитардык-эпидемиологиялык көрсөтмөлөр берилип, жаза чаралары көрүлөт. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна чара көрүү боюнча көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх