Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги жактырылды

Талапкер билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасына кеңири токтолду

Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Иманалиев Каныбек Капашовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Алгач талапкер тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов учкай маалымат берди.

Өз кезегинде талапкер билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасына кеңири токтолду. К.Иманалиев заманбап билим берүү системасына коюлуучу бардык негизги тенденцияларды, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын эске алуу менен бул тармакты реформалоо зарылдыгын белгилеп, бардык күч-аракетин, билимин жана тажрыйбасын улуттук билим беруу системасын өнүктүрүү үчүн жумшай турганын убадалады.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү ата мекендик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу программаларынын мазмунун модернизациялоо, жаңы мектептерди куруу, санариптик окутууну өнүктүрүү, ошондой эле педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу, мугалимдерге стимул берүү жана башка актуалдуу сунуштарды айтышты.

Алсак, депутат Азизбек Турсунбаев мектептерди керектүү материалдык-техникалык база, окуу китептери менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билим берүү тармагын реформалоо, билим берүү инфратүзүмүн жакшыртуу маселелерине көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, заманбап билим берүү системасы балдарды ойлонууга, маалыматты талдоого үйрөтүшү керек. Мындан тышкары, ал майып балдардын керектөөлөрүн эске алып, инклюзивдүү билим берүү принциптерин киргизүүнү сунуштады.

Депутат Адахан Мадумаров билим берүү мекемелерин каржылоо, андагы мамлекеттин жана ата-энелердин катышуусунун деңгээлине кызыкса, эл өкүлү Карим Ханжеза өсүп келе жаткан муунду идеологиялык, руханий жактан тарбиялоо, окуучуларды социалдык-эмоционалдык өнүктүрүү маселелерин ортого салды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Иманалиев Каныбек Капашовичти дайындоого макулдук берилди.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх