Эмомали Рахмон Москвага расмий сапар менен барат
Сапар учурунда ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушаары белгилүү
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-22-ноябрь күндөрү Москвага расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги тажик президентинин басма сөз кызматына шилтеме менен кабарлады. Басылманын маалыматына ылайык, Рахмондун сапар учурунда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалган.
Москвадан соң Тажикстандын президенти Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Минскидеги саммитине катышаары да маалым болду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз