Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УТРК нын башчысы: Өз позициясын биз эмес, саясатчылар өздөрү өзгөртүп жатышат

Илим Карыпбеков депутаттын сынына жооп кылды

Депутат Садык Шер-Нияз УТРКнын жетекчисин принципке туруп, өз позициясын чукул өзгөртпөөсүн сунуштады. Ал мындай сынын парламенттин илим, билим, маданият жана саламаттык сактоонун социалдык маселелери боюнча комитеттин отурумунда айтты.

«Алты ай мурун УТРК белгилүү бир топтогу адамдарды мактачу, азыр болсо кудум ошонун тескерисин берип жатат, - деди ал. Мурунку мактагандары эми ууру болуп калды. Ал мындай өзгөргөн позицияга аң таң калып жатакандыгын билдирди».

Эл өкүлү УТРКны Белизгейт жаңжалы учурунда "Ата Мекендин"  депутаттарынын оюн бир жума бою көрсөтүүдөн баш тарткандыгына нааразы болгондугун билдирди.

«Байкоочу кеңешти эмнеге тандап алдык ? - деп сурады ал. - Ал ошол КТРКнын ишин көзөмөлдөө үчүн. Кокул укук коргоо органдары же президенттин аппараты тарабынан басым болсо телеканалды коргоо үчүн, анын коомдук болушу үчүн түзүлгөн».

УТРКнын башкы директору Садык Шердин айыптоолорун баяндап берди. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал саясатчылардын өздөрү жаңылыктарга саясий боёк берип жатышкандыктарын айтты.

- Бул менин жеке телевидением эмес да !  - деп таң калат Карыпбеков. - Позициябызды чындыгында биз өзгөртпөйбүз. Жарым жыл мурун биз мурунку бийликтин укук коргоо органдарынын позициясын берчүбүз, азыр болсо бул бийликтикин берип жатабыз. УКМКнын башчысы Абдиль Сегизбаев президентке "Белизгейт"  тууралуу доклад кылды, биз аны көрсөттүк. Бирок бул анын тыянагы болчу да, биздики эмес болчу. Саясатчылардын позициясы кандай болсо тэфирден ошол нерсе көрсөтүлөт. Башкача эч кандай болбойт.  Телеканалдын башчысы оппозициялык ишмерлерге карата болүнгөн убакыттын аздыгы тууралуу сынга макул болду. бирок ал УТРК көрүүчүлөргө эки жактуу пропоционалдуу көз карашты сунуш кылат деп айтты.

- Акыркы убакта "Белизгейт"  тууралуу талкуу болбой калды, себеби саясатчылар бул тууралуу сүйлөбөйт,-дейт Карыпбеков. - Эми болсо кайра айтып башташты, анткени бул маселени кайра өздөрү көтөрүп башташты.

Ольга Федорчук
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх