ТИМнин айланасындагы жаңжал күч алып барат. Мекемеде сыр сактоо эрежеси бузулду
Коопсуздук кеңеши Сооронбай Жээнбековду текшерүүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды, анда тышкы иштер министрлиги, Кореядагы Кыргызстандын элчиси жана башкалардын мыйзам бузуулары текшерилген
Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султандын арызы , ошондой эле КР ТИМнин аны отставкага кетирүү тууралуу дооматы изилденген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы 2018-жылдын 10-октябрында президенттин кароосуна коюлган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ТИМдин да элчинин да айткандарында жүйө бар экендиги билинди.
Алдын ала текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ТИМде өлкөнүн тышкы саясат мекемесинде олуттуу көйгөлөрдүн бар экендиги аныкталды. ТИМде кадр саясатынын жоктугуна байланыштуу маалыматтардын жана документтердин дамаамат тышка чыгып жаткандыгы аныкталды.
Кадар тандоодогу катачылыктар жетекчиликтин ишиндеги кемчиликтерден көрүнүп турат, ошондой эле кол алдындагыларга карата кетирген катачылыктары үчүн өз убагында реакция кылбагандыгын белгилей кетүү маанилүү.
Текшерүү убагында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик милдетти аткаруу убагында Кылычбек Султандын эреже бузган фактылары аныкталды.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде жашыруун эрежени сактоо көрсөтмөсүн бузган .
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине КР жарандарын өндүрүштүк практика өткөрүү үчүн кабыл алуусу жана муну ТИМдин уруксатысыз кылуусу сыр сактоо эрежесин одоно бузгандык блуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошогондон кийин Кылычбек Султан жана анын үй бүлөсү ушул убакка чейин Малайзиянын ТИМнин «аккредитациялык карточкасын» тапшырган эмес, анын мөөнөтү 2019-жылдын февраль айын чейин. Бул да эреже бузуга жатат.
2018-жылы февралда Кылычбек Султан фесбуктагы баракчасына жана бир сайтка тышкы иштер Министрлигинин ички сүйлөшүүлөрүн жана кызматтык документтин фото көчүрмөсүнүн сүрөтүн чыгарып жиберген. Бул кечирилгис катачылык деп эсептелет.
Элчи резиденциядан жатакана албай, мейманканаларда көчүп жүрө берип ТИМди адашууга алып барды, ошондой эле бул каржылык мыйзам бузууга жатат. Ал Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп туруп ТИМдин уруксатысыз Малайзияга барган.
Кыргыз Республикасынын «Элчилик кызмат тууралуу» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын чет элдик ишканаларынын кызматкерине ал жакта узакка жашай турган болсо, ай сайын жеген ичкенине, жатаканасына, аялынын чыгымдарына 30% кошумча төлөм берилет. Текшерүүнүн жыйынтыгында Элчи кылычбек Султандын аялы да Кореяда аны менен кошо жашагандыгын тастыктаган документтер чыкты.
Бул фактыга карабастан 2018-жылы Элчинин аялынын жашоо тиричилигине деп ТИМ 6,5 миң АКШ долларын төлөп берген.
Андан сырткары, КР адилет Министрлигинин маалыматы боюнча, Кылычбек Султан мамлекеттик кызматта иштеп жатып бир убакта «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттеринин ээси болгон.
Эреже бузуу фактыларынын материалдары Башкы прокуратурага укуктук баа берүү жана андан аркы иликтөө үчүн жиберилет.
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www