Назарбаева Назарбаевке «Ардактуу Сенатор» белгисин жана күбөлүгүн тапшырды
Елбасы залда президент олтура турган орундуктан орун алды
Казахстан парламентинин жогорку палатасынын - Сенатынын төрайымы - Дарига Назарбаева Казак Республикасынын биринчи президенти урсултан Назарбаевге «Ардактуу Сенатор» наамынын атрибуттарын тапшырды.
Бул статусту ыйгаруу жөнундөгү чечим жети күн мурда Сенаттын пленардык жыйынында кабыл алынган.
«Улуу урматтуу Нурсултан Абишевич, «Ардактуу Сенатор» статусун ыйгаруу - бул дүйнө жүзү тааныган биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн фундаментин түзүүдө, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүндөгү жолун аныктоодо Сиздин эмгегиңизди таануу. Эки палаталуу парламентти түзүүдө кошкон кесипкөйлүгүңүз жана жаратмандыгыңыз үчүн сенаторлордун аябай чоң сыйы катары кабыл алыңыз, - деди Дарига Назарбаева тапшыруу аземинде.
Жооп иретинде Нурсултан Назарбаев сенаторлорго ыраазычылык билдирди.
«Мен бул статусту алдым,эми Сенатка келе берем, керек учурларда өз пикиримди билдирип турамын, акылдашып турабыз», - деп белгиледи ал.
Назарбаев «Ардактуу Сенатор» наамынын атрибуттарын алгандан кийин, президент олтура турган орундукка барып олтурду.
«Ушул айдын 20сында менин мамлекеттин башына келгениме туура 30 жыл толот. Бул менин Бырган Сариевна менен (сенатор Айтимова - Vesti.kg сайтынын белгилегени) таанышкан абдан ажарлуу күн. Мен БКнын эс алуу үйүнө жайгаштым, ал жерде жаш кыз жүрүптүр. 1990-жылдар, элестетип көрсөңүздөр. Биз, кандайдыр ары-бери бастык жана негедир жолуккан жокпуз, аңгемелешпедик. Ар кандай сөздөр болду, билесиздер. Мына ошол мезгилден бери Бырган Сариевна жанымда иштеп келе жатат. Мен дайындаган көп кызматтарда, анын ичинде дипломатиялык кызматтарда иштегени - чоң ийгилик. Сиздин турмушуңузда булар чоң жаркыраган күндөр, тарых деп эсептеймин», - улут башчысы тарыхка саякат жасады.
Ушул сөздөрдөн кийин залдагы видеокөрсөтүп берүүнүү жана залдагы үндөрдү өчүрүштү.
Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев ант берип жатып биринчи президент, улуттун башчысы Нурсултан Назарбаевке «Ардактуу Сенатор» статусун ыйгаруу тууралу сунуш киргизген.
Дана Тлеубек
Фото www