Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Женева шаарында Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталды

Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды

Женева шаарында (Швейцария) Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду жыйынтыкталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Эрбол Султанбае билдирди.

Мындан мурда кыргыз тарапка «Центерра» компаниясынын жетекчиси Скот Перринин түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде, жыйынтыгында Кыргыз Республикасы «Кумтөр Голд Компанинин» менчик ээси болуп калышы сценарийин дагы карап көрүү үчүн нейтралдуу территорияда сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сунушу менен каты келип түшкөн.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Кумтөр голд компани» компаниясынын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана укук тармагындагы адистер жөнөгөн.

Тараптар бир биринин пикирлерин угушту.

-Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды жана зарыл болгон учурда аны улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен улантууга даяр», - деп билдирди президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх