Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Учурда катышуу жѳнүндѳ ниетин 4 талапкер билдирди

Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө. Азыркы учурда жалпысынан 4 талапкер катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирди.


БШКнын маалыматы боюнча, Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ тѳмѳндѳгүлѳр арыз менен кайрылышты:
1. Алимберди Бегматов (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде), Кыргыз Республикасынын Чек арачылар коомунун жетекчиси;
2. Салихов Кеңеш (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде), «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун директору.


Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети тууралуу тѳмѳндѳгүлѳр кайрылды:
1. Бадалов Ганишер (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде), жеке ишкер;
2. Бакир Бакытбек (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде), пенсионер, жеке ишкер.


№2 Баткен бир мандаттуу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт.


Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх