Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргызстанда 129 кылмыш катталды

БШК мыйзам бузуулар боюнча толук маалымат берди

Жалпысынан ыкчам аракеттенүү координациялык тобуна кылмыштар жөнүндө 129 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Ошентип, 191-берене боюнча (Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) эки факт катталды: Ошто 1 жана Ош облусунда 1 факт.

Мыйзам бузуулардын негизги бөлүгү - 192-берене боюнча (Добуш берүүгө пара берүү) - бардыгы 79 мыйзам бузуу.

Анын ичинен Бишкек шаарында - 17, Ош шаарында - 11, Жалал-Абад облусунда - 11, Чүй облусунда - 12, Ош облусунда - 15, Ысык-Көл облусунда - 5, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 2 сигнал.

195-берене (Шайлоо документтерин бурмалоо) боюнча 27 факт катталды.

Араван районунда 264-берене (Массалык баш аламандык) боюнча бир факт катталды.

310-берене боюнча (Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо) эки факт катталды - Ош жана Чүй облустарында.

266-берене (Бейбаштык) боюнча 14 факт катталды.

313-берене боюнча (Расалык, этникалык, улуттук, аймактар ​​аралык кастыкты козутуу) УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын алдында бир факт козголгон.

Жалал-Абад облусунда “Өз өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча бир факт катталды.

Бардык 129 кылмыштын ичинен эки кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 78 иш тергелип жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх