Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Альянс партиясынын талапкерлери үгүт иштерин өз айылдарынан баштады

“Бирдиктүү күч” – ушундай ураан менен “Альянс” партиясы кечээ, 29-октябрда үгүт иштерин баштап, алгачкы күнү эле аймактардан келген шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү.

Партиянын теңтөрагасы Жанар Акаев бир күн мурун өзү туулуп өскөн Алай районунун Кабылан-Көл айылына келип, айылдаштары менен жолугушту.

«Партиялар тарабынан шайлоочуларды массалык түрдө сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга каршы туруу үчүн прогрессивдүү жана адилеттүү адамдардын күчтөрүн бириктирүү зарыл. Биз буларды жасадык!
Биз, элдик партиялардын лидерлери, тажрыйбалуу саясатчылар, жигердүү жаштар жеке амбициябызды таштап, элдин колдоосуна ээ болуп, бул шайлоого Биримдиктин бирдиктүү желеги астында кирдик. Биз жеңишке бара жатабыз!" ал кошумчалады.

Партиянын теңтөрагасы Мирлан Жээнчороев өз кезегинде борбордон жана ага жакын аймактардан келген талапкерлердин башын бириктирди. Иш-чарага: Айсулуу Мамашова, Чыңгыз Айдарбеков, Толкунбек Исаков, Сейтек Качкынбаев, Юлия Джаналиева, Чынара Капарова, Зина Сакиева, Байгелди Нурдинов жана партиянын тарапташтары катышты.

Мирлан Жээнчороев партиялаштарды үгүт иштеринин башталышы менен куттуктап, бардыгына шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

«Альянс партиясынан талапкерлердин арасында кадр саясатынын, азык-түлүктүн кымбатташынын көйгөйлөрүн чечкенди билген кесипкөйлөр бар. Буга бизде күч жана чечкиндүүлүк жетиштүү, биз эки жүздүү болуп, бийликке кошомат кылгандардан эмеспиз», - деди ал.

Талапкер Алтынбек Сулаймановду партиялаштары Акылбек Мамыров, Нурланбек Акимов жана Нилюфар Алимжанова менен бирге туулуп-өскөн Ноокаттын тургундары жылуу кабыл алышты.

Алтынбек Сулайманов өз сөзүндө “Шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамдын авторлорунун бири экенин, ага ылайык эл эми парламентте көргүсү келген партиядан талапкерди тандай ала турганын белгиледи.

«Эгерде биздин партия Жогорку Кеңешке өтсө, айыл өкмөт башчыларын, шаарлардын мэрлерин да шайлоо укугуна ээ болосуңар деп убада беребиз. Эл башчыны өзү шайлашы керек. Биз ар дайым убада кылганыбызды аткарабыз”,-деди ал.

Ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарында талапкерлер Акыл Мамыров, Азамат Ажиматов, Азамат Исраилов, Фарход Алимжанов, Дүйшөн Төрөкулов жана башкалар жолугушууларды өткөрүштү.


Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/92530-kandidaty-partii-alyans-nachali-svoyu-agitatsionnuyu-kampaniyu-iz-rodnykh-sel.html - Кандидаты партии “Альянс” начали свою агитационную кампанию из родных сел - VESTI.KG - Новости Кыргызстан

Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/92530-kandidaty-partii-alyans-nachali-svoyu-agitatsionnuyu-kampaniyu-iz-rodnykh-sel.html - Кандидаты партии “Альянс” начали свою агитационную кампанию из родных сел - VESTI.KG - Новости Кыргызстан

"АЛЬЯНС" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаев тарабынан төлөнөт (01.09.2021-ж. № 8)

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх