Кыргызстан 2022-жылдын биринчи жарымында 279 миң 323 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, продукциянын басымдуу бөлүгүн жашылчалар түзөт
Кыргызстан 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 279 миң 323 тонна айыл чарба продукциясын экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Январь-июнь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айыл чарба продукциясы 3098 тоннага көп экспорттолду. Алардын көбү жашылчалар. Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен жана Талас облустарынын продукциялары ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттолгон.
Сабиздин басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстан жана Беларусияга, ал эми капуста, пияз, болгар калемпири жана помидор Орусия менен Казакстанга экспорттолгон.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз