Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Стамбулда ТМУнун жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жыйыны өттү (сүрөт)

Жыйында ТМУ инвестициялык фондун түзүү боюнча негизги маселелер талкууланууда

2022-жылдын 15-августунан 19-августуна чейин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) инвестициялык фондун түзүү маселесин изилдөөнүн алкагында Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жолугушуусу өтүүдө. Кыргызстанды экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов жетектейт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында капиталдаштыруу, директорлор кеңеши, башкы директор, укуктук статусу, түзүмү жана башкаруу схемасы боюнча келишимдин долбооруна киргизилген негизги маселелер талкууланат.

Бул инвестициялык фондду түзүүнүн максаты - ТМУнун мүчөлөрүнүн, аймактык ички сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо аркылуу, мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар тийиштүү макулдашуунун долбоорун иштеп чыгышат жана макулдашат, ал мындан аркы кол коюуга даярдоо максатында, мамлекеттик  процедураларды өткөрүүгө жөнөтүлөт.

Бул келишимге ТМУнун мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында кол коюу пландалууда.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт Экономика министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх