Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктардын 25 пайызы быйыл саякат бюджетин көбөйттү

Аналитикалык портал Кыргызстан үчүн “Саякатчылардын индексин” жарыялады

Кыргызстандыктардын 25 пайызы быйыл саякат бюджетин көбөйттү. Бул тууралуу маалыматты туристтерге саякатка жана билет сатууга адистешкен аналитикалык портал жарыялады.

«Порталдын кызматкерлери жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын үчтөн бири жакынкы айда саякатка чыгууну пландап жатышат», - деп белгилешет алар. - Бул региондогу саякатка бюджеттин өсүшүнүн жетишээрлик жогорку көрсөткүчү. Салыштыруу үчүн, Казакстанда 32 пайызды түзөт. Ошол эле учурда туристтердин 25 пайызы саякатка сарптоого даяр болгон бюджетин көбөйтүшкөн. Респонденттердин үчтөн бири бюджетин өзгөрткөн жок, дагы үчтөн бир бөлүгү кыскартты. Калгандары бюджеттин өзгөрүшүнө баа бере алышкан жок”.

Саякатчылар баргысы келген багыттардын ичинен көбү Европаны тандашат. Тизмеде кийинки орундарда АКШ жана Канада, андан кийин Азия турат. Дагы 5 пайызы кошуналарга барууга даяр.

Тактоо үчүн, Travel Index - бул туристтердин саякатка даярдыгын, күтүүлөрүн, кызыккан жерлерин жана саякат бюджетин баалаган үзгүлтүксүз изилдөө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх