Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Эсептөө палатасы Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын айрым маселелери боюнча натыйжалуулук аудитин өткөрдү

КР Эсептөө палатасы Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын айрым маселелери боюнча натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудитин жүргүздү.

 Текшерүүдө жалпысынан 44 236,2 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштурууга багытталган каражаттардын максаттуу эмес чыгашалары аныкталды, анын ичинде Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы РК 2021-жылга 351,2 миң сом суммасында дебитордук карызды жабуу аткарды.

Эсептөөлөр боюнча, «Келечек» балдардын ден-соолугун чыңдоочу лагерге кабыл алынган балдардын жалпы саны 1500 баланы түзсө, берилген тизмелер боюнча 2511 бала эмгек акы фодунун эсебинен эс алган. Айырмасы 1011 бала, балдардын ден-соолугун чыңдоочу лагери нормативден жогору балдарды жатакана жана тамак-аш менен камсыз кыла албайт. Ошону менен бирге 1011 балдардын жана өспүрүмдөрдүн эс алуусун уюштурууга жолдомолорду сатуу 7077,0 миң сомго ашыкча аткарылган.

Аудит жолдомолордун наркынын калькуляциясына сметанын жалпы наркынан 10% пайда негизсиз киргизилгендигин белгилейт. Ошентип, эмгек акы төлөө фондунун эсебинен санаторийлер 12 141,6 миң сом суммасында негизсиз пайда алышкан. Эмгек акы төлөө фрндунун эсебинен санаторийлер 767,5 миң сомдук жарнак түрүндөгү каражатты максатсыз пайдаланышкан.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө санаториялык-курорттук дарыланууга жана эс алууга берилген 65205,6 миң сом суммасындагы 2711 жолдомодон КР Салык кодексин бузуу менен сатуудан алынуучу салык (2%) өндүрүлүп, ал 705,3 миң сомду түзгөн.

2022-жылдын 1-ноябрына карата 14 449,5 миң сомдук 498 жолдомолор боюнча бара электер бар.

ФПКнын санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдарын өнүктүрүү фондуна чегерүүлөрдүн планы Кыргызкурорттуризм колегиясы тарабынан бекитилген эмес, андыктан 2022-жылга санаториялык-курорттук жана туристтик уюмдар үчүн өнүктүрүү фондуна чегерүүлөр болгон эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгы укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органга жөнөтүлөт.

фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх