Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар үчүн 1-февралдан тарта медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт

Жарандардын кайсы категориясына кандай нарк төлөнөт?

Кыргызстандыктар үчүн медициналык камсыздандыруунун баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Белгиленгендей, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 1-февралынан тартып Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистеринин наркы өзгөрөт.

1.Кыргызстандын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн; качкындар, Кыргыз Республикасында башпанеек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК Полиси:

- 12 календардык айга - 1 840 сомду түзөт (1 722 сом болгон).

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдар үчүн нарктын өлчөмү Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу өткөн календардык жылда Кыргызстанда түзүлгөн социалдык-демографиялык топ үчүн жашоо минимумуна жараша жүргүзүлөт (жылдын 15-январынан кечиктирилбестен).

2. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:
- 6 календардык айга - 5 955 сом (8 196 сом болгон),
- 12 календардык а йга - 11 910 сом (16 391 сом болгон)

3.Кыргызстандын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк жактар үчүн колдонуу мөөнөтү менен:
- 12 календардык айга - 11 910 сомду түзөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жактар үчүн нарктын өлчөмү отчеттук жылдан кийинки жылдын июнь айында Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталган өткөн календардык жыл үчүн чет өлкөлүк жарандардын орточо айлык эмгек акысына негизделет.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх