Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 5-апрелден тарта орусиялык “Мир” карталарын тейлөө токтотулат

Которуу жана карта төлөмдөрү жеткиликсиз болуп калат

Кыргызстандын аймагында 5-апрелден тарта орусиялык “Мир” банк карталарын тейлөө токтотулат.

ЖАК «Банктар аралык процессинг борбору» 2024-жылдын 23-февралында маалымдагандай, OFAC (Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси – АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерге көзөмөл жүргүзүү үчүн жооптуу бөлүмү) «Улуттук төлөм карталары системасы» ААКсына Мир төлөм системасынын оператору болгон картага каршы санкцияларды киргизген.

5-апрелден тарта Кыргызстандын банкоматтары МИР карталарын кабыл албай калат, алар менен оффлайн дүкөндөрүндө да, интернетте да төлөө мүмкүн эмес. Өлкөнүн төлөм системасында картадан картага которуулар да мүмкүн болбой калат.

«Банктар аралык процессинг борбору ЖАК улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана анын толук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Кыргызстандын аймагында НПС Элкарт банктык карталары бардык банктык түзмөктөрдө эч кандай чектөөсүз тейлөөнү улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын бир катар банктары бул карталар боюнча операцияларды чектеген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх