Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курулуш компанияларынан турак жайлардын 5%ын жергиликтүү бийликке өткөрүп берүү сунушталууда

Мыйзам долбоорун депутат Балбак Түлөбаев иштеп чыкты

Кээ бир курулуш компанияларын жергиликтүү бийликке турак жайлардын 5% өткөрүп берүүнү өткөрүп берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев. Ал айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Тактап айтканда, Жер кодексинин 50-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Куруучу компания долбоор кабыл алынгандан кийин эки айдын ичинде республикалык маанидеги шаарлардан каттоодон өтүп, андан кийин батирлердин беш пайызын муниципалитетке өткөрүп, техникалык паспортторду алууга милдеттүү", — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Мыйзам жер тилкесин убактылуу пайдаланууга алган куруучуларга тиешелүү экени, ал эми мэрия батирлерди муктаждарга акысыз берери айтылган.
Сунуштун ипотекалык турак жайларга тиешеси жок экени кошумчаланды.


Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх